Экс-министр Космосбек Чолпонбаевге операция жасалды

Учурда Кардиология жана улуттук терапия борборунда дарыланып жаткан саламаттыкты сактоонун мурдагы министри Космосбек Чолпонбаевге операция жасалды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Операция жүрөккө жасалган. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы канааттандырарлык", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку жетекчиси Космосбек Чолпонбаев буга чейин 320-берененин ("кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 15-ноябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
interpol
2020-11-13 18:47:48
Чекесинен эле жүрөк оору, жүрөккө операция деп калышат экен арам тамак уурулар.
+2
Raihan0602
2020-11-13 23:53:28
Кудайдын жазасынан эч качан кутула албайсыңар жегичтер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан