Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына өткөрүлдү. Бул туралуу өкмөттөн билдиришти.
"Мамлекеттик чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат каражаттарынын жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына өткөрүлдү", - деп жазылган билдирүүдө.
Тийиштүү токтомго президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Кабыл алынган чечимге ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында, жайгашкан жери Бишкек шаары болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы түзүлдү.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат.
УКМКга Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизүү тапшырмасы берилди.