Кара-Балта шаарынын мэри шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мэрлик кызматка 3 талапкер ат салышкан. Добуш берүүгө Кара-Балта шаардык кеңешинен бардыгы 31 депутаты катышты. Данияр Шакирбаев 18 добушка ээ болду. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кара-Балта шаарынын мэри болуп Данияр Шакирбаев шайланды. Ал аталган шаардык кеңештин депутаты болуп келген.