Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы парламенттик республикага "каршы" үгүт тобун каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 2020-жылдын 31-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда иреттик 1-номуру менен парламенттик республикага «каршы» үгүт тобун каттоо жөнүндө токтом кылынганы маалымдалат.
Топтун жетекчиси Эралы Барсанаев БШКга 2020-жылдын 30-декабрында парламенттик республикага «каршы» үгүт тобун төмөнкү 11 адам курамында каттоо жөнүндө өтүнмө менен кайрылган.
№ |
Аты жөнү |
Туулган жылы, айы, күнү |
1 |
Барсанаев Эралы Ырысалыевич (жетекчи) |
13.01.1986 |
2 |
Айтбеков Абдулайхан Айтбекович |
10.04.2000 |
3 |
Асанов Йулдашали Ганибек Угли |
03.09.1996 |
4 |
Ашыралиев Бакыт Жеңишбекович |
11.08.1984 |
5 |
Бектур Жанарбек |
24.12.1991 |
6 |
Насир кызы Мээрим |
01.10.2001 |
7 |
Омуржанов Адилет Майрамбекович |
02.12.1990 |
8 |
Табалдыев Жазбек Табалдыевич |
21.05.1992 |
9 |
Шабданова Дариякан Сатыбалдыевна |
23.04.1968 |
10 |
Шайылдаева Уларкан Мырасбаевна |
04.02.1971 |
11 |
Ырысалиев Ильяс Болотбекович |
17.03.1991 |
Маалым болгондой, 2021-жылдын 10-январында президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен бирге бүткүл элдик добуш берүү, референдум өткөрүлөрү маалымдалган. Референдумда шайлоочулар жаңы Конституцияны кабыл алуу жана башкаруу формасын өзгөртүү боюнча добуш беришет. Буга карата БШК референдумга "каршы" жана "колдоо" топтору түзүлүп, үгүт компаниясын жүргүзсө болорун билдирген.