14-ноябрда саат 10дө ошол учурдагы өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого катышуу боюнча арыз тапшырган болчу. Бирок 14-ноябрдын түнүндө Садыр Жапаров жазган арызын арттка кайрып, кайрадан арыз тапшырганын Боршайком расмий сайтына жарыялады.
Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу ыйгарым укуктарын тапшырып бергендигин жана өкмөт башчылык кызматын токтотконун 14-ноябрдын кечки саат тогуздар чамасында маалымдаган.
БШКнын расмий сайтында Жапаров жазган арызын кайрып, кайра тапшыргандыгынын себеби жазылган эмес. Жалпысынан президенттикке ат салышууга 63 талапкер арыз берди.