UFC уюмунун атактуу америкалык мушкери Тони Фергюсон орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов коркконунан беттешке келбей койгондугун айтты. Бул тууралуу Фергюсон америкалык ESPN каналына берген маегинде билдирген.
"Жигит мушташкысы келбейт. Ал менден коркуп, качып жатат. Мындай кылыгы үчүн аны чемпиондук наамынан ажыратып салыш керек. Биз аны коркуттук. Анын Абу-Дабиден АКШга келгенге мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал бизден экинчи жолу коркуп, качып жатат. Мен анын баш кийими менен пол сүртөм деп койсом, ошондон коркуп калды", - деп билдирген америкалык мушкер.
Маалыматка ылайык, Нурмагомедов-Фергюсон беттеши 18-апрелге пландалган. Буга чейин орусиялык мушкер коронавирус пандемиясынан улам өлкөгө жарыяланган өзгөчө кырдаалдан улам учуп чыга албай калгандыгын билдирген.