Бүгүн, 24-апрель күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берүүдө.
Үсөнбаевдин айтымында, бүгүнкүгө карата 20 бейтап ооруканадан айыгып, үйүнө чыгарылды.
Бишкек шаарында – 4;
Жалал-Абад облусунда – 8;
Ош шаарында – 8.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 322 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.