Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 13 миң 868 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 244 адам каза болсо, 7 миң 550 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 4618 (айыккандар 1750);
Санкт-Петербург - 557 (айыккандар 278);
Москва облусу - 420 (айыккандар 236);
Ростов облусунда - 277 (айыккандар 199) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусияда акыркы 5 айдан бери сутка ичинде коронавирустан каза болгондордун рекорддук көрсөткүчү катталды (244 адам). Буга чейинки рекорд 29-май күнү катталган. Анда сутка ичинде 232 бейтап каза болгон.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 326 миң 178 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 22 миң 966 адам каза болсо, 1 миллион 31 миң 785 бейтап айыгып чыкты.