18-ноябрда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруу учурунда ырайым кылуу жөнүндө жарлыктарына ылайык абактан 230 адам бошотулду, 38 соттолгон адамдын мөөнөтү кыскартылды. Учурда бул багытта иштер улантылууда. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, ырайым кылуу маселелери Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан гана жүзөгө ашыра алат. Ыйгарым кылуу актысы президенттин жарлыгы менен ага карата кайрылуу кабыл алынган соттолгон адамга жиберилет. Эгерде ырайым кылуу өтүнүчү четке кагылса, президент расмий чечим чыгарат.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы соттолгондорго ырайым кылуу боюнча 1800дөн ашуун кайрылууну Кыргыз Республикасынын президентине караштуу кайрымдуулук катчылыгына жөнөткөн. Учурда бул багытта иштер улантылууда.