Европада ар бир 17 секунд сайын COVID-19 илдетинен бир адам көз жумат
Европада ар 17 секунд сайын COVID-19 илдетинен бир бейтап көз жумат. Мындай маалыматты Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) билдирүүсүнө таянып, чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты .
Маалыматка ылайык, пандемия континенттеги улуттук саламаттыкты сактоо тутумдарына коркунуч туудуруп жаткандыгы белгиленген. Уюмдун маалыматы боюнча, Европа аймагынын 53 өлкөсүндө 15 миллион 700 миңден ашуун COVID-19 учуру катталган, анын ичинде ушул айда эле 4 миллион бейтап катталса, 355 миңге жакын адам каза болгон.
"Жыйынтыгында биз саламаттыкты сактоо тармагындагы бейтаптардын көптүгүнө байланыштуу сигналдарды уламдан-улам байкап жатабыз” деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Францияда акыркы 10 күндө жандандыруу бөлүмдөрү 95 пайызга, Швейцарияда 100 пайыз толгонун баса белгилешкен.