Коронавирус: Израилде омикрон штаммынан дүйнөдөгү экинчи бейтап каза болду

Израилдин түштүгүндөгү Беер-Шеба шаарындагы ооруканада коронавирустун омикрон штаммынан дүйнөдөгү экинчи бейтап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, омикрон штаммынан каза болгон бейтап 65 жашта болгон. Ал коронавируска каршы эки жолу эмдөө алган. Мындан улам Израилдин премьер-министри Нафтали Беннетт Тель-Авивдеги Коргоо министрлигинин имаратында COVID-19га каршы күрөшүү боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйынын өткөргөн.

Буга чейин коронавирустун омикрон штаммынан дүйнөдөгү алгачкы бейтап Улуу Британияда каза болгондугу кабарланган.

Дүйнөгө тездик менен жайылып жаткан коронавирустун омикрон штаммы боюнча кабарлардын топтому.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан