Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо кызматынын алдындагы "Вектор" вирусология жана биотехника илимий борбору коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган борбордун директору Ринат Максютовго таянуу менен орусиялык маалымат булактары жазышууда.
Максютовдун айтымында, бул вакцинаны мурунга тамчылатса болот. Жаныбарларга бул вакцинаны колдонуп көрүп, сындан өткөрүшкөн. Анда ал дарылоо жагынан да, коопсуздук жагынан да жакшы жыйынтык көрсөткөн.
"Вакцинаны массалык түрдө чыгарууга даярдыктар башталды", - деген Максютов.