"Жаңы жеңиштерди каалайм!". Талант Мамытов чемпиондук курун коргоп калган Валентина Шевченкону куттуктады

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов UFC`нин чемпиону Валентина Шевченкону Лас-Вегаста өткөн "UFC 255" турниринде титулун коргогондугу менен куттуктады.

"Өлкөнүн жалпы эли сиздин таймашты чыдамсыздык менен күтүп, мушташты башынан аягына чейин тынчсыздануу менен көрүштү. Сиз Кыргыз өлкөсүнүн сыймыгысыз жана сиздин аркаңыздан өлкөнүн желеги дүйнөлүк спорт майданында дагы бир жолу бийик желбиреди. Чемпиондукка жол талбаган эмгек менен аракеттин аркасында салынат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздин бир тууганыңыз Антонинаны дагы ошол эле мелдештеги жеңиши менен куттуктайм. Мен сизге мындан ары дагы Кыргыз мамлекетин чет өлкөлөрдө даңазалай бересиз деп бекем ишенем, ал эми мекендештердин колдоосу жана каалоо-тилектери сизге тирек болот. Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана спорттук карьераңызда жаңы-жаңы жеңиштерди каалайм", - деп белгиледи Талант Мамытов.

Бүгүн, 22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарындагы "UFC Apex" аттуу спорттук аренасында UFC 255 турнири болуп өттү. Турнирдеги аялдар арасындагы негизги беттеште кыргыз мушкери Валентина Шевченко 32 жаштагы бразилиялык мушкер Женнифер Майяга каршы төртүнчү ирет чемпиондук курун татыктуу түрдө коргоп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан