Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын каарманы - таланттуу жаш акын Бегайым Нурлан кызы. Ал 1997-жылы 15-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн. Аталган шаардагы №5 орто мектепте билим алып, 2013-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Дөң-Алыш айылындагы Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектепте окуусун улантып, артыкчылык менен аяктаган.
2014-жылы “Сыйкырдуу саптар”, 2020-жылы "Ичтеги бурганак" аталышындагы ыр жыйнактары жарык көргөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогикалык факультетинин чет тилдер бөлүмүн аяктаган. Кесиби англис тилинен педагог-лингвист.
2015-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына карата “Касиеттүү жер эне” аталышындагы республикалык сынакка ыр жазып, 2-орунду ээлеген. Мындан сырткары көптөгөн эл аралык жана мемлекеттик сыйлыктардын ээси.
Кыргызпатент тарабынан уюштурулган "7 жаш автор" аталган сынакта ийгиликке жетишип, "Ичтеги бурганак" аталышындагы китеби бекер чыкты.
КардиоМагнил
Арымды тепсеп туруп кардан аппак,
Кайра эле келдим сага карбаластап.
Жарылып кеткен оңой деген менен,
Жагынып жашайм да анан...кайдаа-а качмак?
Жүрөккө дабаасыз дарт илештирип,
Арзуумду абийириме тирештирип
алдым да, келдим сага, ак сүйүүңдү
...азаптуу абалыма тирек кылып.
Көкүрөк бүтүн ызгаар, шамал, үшүк,
Көңүлгө көзөп көрксүз жара бүтүп.
Жанымды жамаачылап бүтөй албай,
Жаныңа келдим кайра дабаа күтүп...
Көз жашым ичке төгүп катар-катар,
Көрсөтпөс үчүн көөдөй катамды ача.
Саматкан сагынчыңды азык кылып,
Саамайың сылап жаттым сакаймакка...
Түнөргөн жүрөгүмдү жарык кылчы,
Түшүнөм, катам арбын айып кылчу.
Сыйыңды жектегенмин, а бирок сен
сүйүүңдү далил кылып айыктырчы!
Суранам, айыктырчы, айыктырчы...
Жазып жатат...
Алгач эрте... анан түштө... анан кеч...
Бир күн кечке... анан кээде... анан эч...
Билдирүүлөр сезимиңдей бөксөрүп,
Оорчулукка айланууда "салам!" деш...
Башында көп... анан аз-аз... бүгүн жок,
Билгем, бирок бир күн баары бүлүнмөк.
Сага кыйын болуп жатса кат жазуу,
Мага кыйын болуп турат түңүлмөк.
Күтүп, издеп, кыя албай, кылчактап,
Бир кездерде баарлашып турсак бат.
Азыр жүрөм ичтен сыза бак тилеп,
Номуруңду миң өчүрүп, миң сактап...
Сүйлөшүүлөр уйку жок көз ирмегис,
Сүйүү үчүн доо артабыз кимге биз?
Сезимдерге болгон эле ортоктош,
"Сегиз-алты, сегиз-бир да, бир-сегиз..."
Телефондон өчтү... эстен өчпөдү,
"Сегиз-алты, сегиз-бир да, бир-сегиз..."
Муза
Өзүңдү жектегендей өрттөнө тушап жаным,
Өктөм үн... өкүт-муңдуу... өрөпкүй кучактадың.
Издээрсиң, күткөнүмдөй күтөрсүң мени дагы,
Ичиңде жүргөн менен тузакта... узактамын...
Ичики-ий!.. үшүп барам, кучакта, кучактагын...
Жүгөндөп турмушумду жолотпой улагадан,
Жүрөктөн бул махабат уруксат сурабаган
Жүгүмдү жулуп таштап жанымда бара жаттың,
Жүзүмдү алаканың акырын сылап анан.
Сылачы... сыла дагы, сүйүүмдү сынап анан...
Колумду кыса кармап, жалооруй сүйүп көпкө,
Жарыгы келбетиңдин жалбырттап тийип бетке.
Коштошуу-кыйынчылык, коштошуу-азап... бирок,
Багыты арзуубуздун бирикпес, бирикпеске...
Кош дебе!... кош деп менин жанымды жиликтешпе...
Көкүрөк көтөрө алгыс көксөө күч ылаңдабыз,
Көөдөндү кошо бийлеп куса, муң, ый, ар намыс.
Кездешпес үчүн өптүм акыркы жолу... бирок,
Кетпечи, кетиргим жок, бүтпөсүн чыгармабыз...
Бүтпөсүн, бүтпөсүн эч сүйүүбүз, чыгармабыз...
Бир күн келет
Ооба, күлгүн, жылмай, жырга, сүйүнгүн,
Күндөгүдөй күңүрт эмес бүгүн күн.
Бүт ааламга тирөөч болчу немедей,
Неге мынча капа тарттың, бүлүндүң?
Күздүн күнкү жалбырактай куурай бер,
Болсо пайда-сапырылгын, күбүлгүн!
Ойлон, бир аз саресеп сал турмушка,
Балким күнгө кусадардыр жылдыз да.
Аалам түзгөн мыйзамды аттап өтө албас,
Биз, адамзат - жооп издеген кулбуз да.
Кайгыра бер, кармай алсаң өмүрдү,
Токтото алсаң, төшөгүнөн тургузба!
Өмүр-өлүм, секунд эле мерчеми,
Кучагың ач, күлүп койчу, келчи эми.
Бир күн келет көр астынан жай таап,
Жоготосуң сен мени, же мен сени.
Бубак басат, эртең эле агарат,
Капкара чач кала бербейт сеңселүү.
Бир күн келет канча тартсаң түзөлбөс,
Бырыш каптап татынакай жүзүңдү.
Өмүр болсо-улуу жомок, а сенин,
Жашооң болуп кичинекей үзүндү.
Канча бекит уурдап алат убакыт,
Жаштыгыңды, сулуулугуң, күчүңдү.
Бир күн келет белиң байкуш бекчейип,
Түшүп тиштер, калган калбай күбүлүп.
Кан басымың кайра-кайра текшерип,
Оору менен сырдашасың, түңүлүп.
Өткөндү эстеп, наалат айтып өзүңө,
Барксыз күндөр көз алдыңан жүгүрүп.
Пейилиңдин түзүлүшү-тагдырың,
Жашооң көркү ниетиңдин ойдогу.
Бул дүйнөнүн талабы миң, шарты миң,
Башкы жолуң-ойлонуу да, ойгонуу.
Көкүрөгүң кага бербей, көзүңдү ач,
Сен үйүлгөн топураксың болгону.
Бейиш
Сепилсиң, тосмолонот катам арбын,
Сен барсың, сезилбейт эч капа-кайгым.
Бейишти беш маал издеп жүргөн менен,
Бейишиң кучагы бейм апалардын.
Жашырып, жамаачылап жыртыгымды,
Жамактап бүтпөс эч ким сыйкырыңды.
Алдыңа кетейиним!.. бал экен го,
Азыр да эңсейм уруш, кыйкырууңду.
Акылдын, бакубаттын ордосу - үйүң,
Амансың, аалам түгөл, болбос ыйым,
Садага болоюнум!... таяк, жемең
сапарга салып берген момпосуюң.
Берекем, бердиң жаштык, кан-жаныңды,
Барлыгың бакыт кылат бар жагымды.
Айрылам бир күн... анан каламын да,
Арка-бел кылып алып балдарымды...
Кайратым кармайм да анан карегиме,
Ыйлатпас үчүн ыйык арбагыңды...