SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы Изати Белекова.
КЕЛСЕҢЧИ БАЧЫМ
Бир көргөн түштөй көрүнө калып,
Бүлдүрүп дүйнөм бүлүккө салып.
Сагынтып мени каякка кеттиң?
Санаанын сормо сазына малып.
Издедим көптүн ичинен сени,
Куйкалап барат кусалык деми.
Өрттөнүп күлгө айлана электе,
Куткарып калчы күйүттөн мени.
Өзөгүм жалын, карегим канап,
Өтүүдө күндөр мүнөттү санап.
Жарк этип күндөй алдымдан чыксаң,
Айыгат эле жүрөктө жарат.
Чыдамым бүттү үзүлчү кылдай,
Күйүт басууда жонумдан зылдай.
Арылтчы мени ушул азаптан,
Ар бир секундум өтүүдө жылдай.
Карлыгач канат капкара кашың,
Керимсел желге сеңселет чачың.
Суйсалып сени күтөөрүм сезип,
Сагынып сен да келсеңчи бачым.
Жайыл дасторкон, жанган шам менен,
Күтөмүн сени, келсеңчи бачым.
ТАГДЫР ЖАНА МЕН
Аалам соку, а тагдырым сокбилек,
Мен алардын ортосунда сокку жеп.
Арты-артынан ур токмокко алышат,
Күйшөлдүбү, чала калган жокпу деп.
Бүтүн даным жарты болуп бөлүнүп,
Дагы сокку!.. Кебектерим сөгүлүп.
Кайда качам? Барар жерим “тегирмен”
Бычыранам талкан болуп төгүлүп.
Сууга салдың, сузуп кайра чыгардың,
Отко салдың, өрттөнбөдүм, чыңалдым.
Өзүң жазган маңдайдагы тагдырдан,
Өчүп калбай өр таяндым, сыналдым.
Оо, турмушум, бадырактай чайнадың,
Оргуштаган агымыңда кайнадым.
Антсе дагы арты жакшы болор деп,
Адал иштеп, ак жолумдан тайбадым.
Өнөр бердиң, өмүр эми сурайын,
Өнтөлөйүн, ак эмгегим сунайын.
Байлык эмес, бакытымдан айрыба,
Пендем десең, оо жараткан кудайым.
СЕН БАР ҮЧҮН
Сен бар үчүн күн уяга баткандай,
Жылдыз тарап, агарып таң аткандай.
Сен бар үчүн жер огунда айланып,
Мөңгү ээрип, мөлтүр булак аккандай.
Сен бар үчүн жер жаңырып жаз болот,
Ай алмашып, кар себелеп, муз тоңот.
Сен бар үчүн көктүн түнкү султаны,
Жылдыз жанып, жымыңдашып, ай толот.
Сен бар үчүн тоого тоолор уланган,
Мөл булактан дарыялар куралган.
Сен бар үчүн жайнап чыгып байчечек,
Кыраңдарда кызгалдактар буралган.
Сен бар үчүн булбул сайрап шагында
үн алышат. Жаратылыш шаңында.
Сен бар үчүн күлүп чыгып куттуу күн,
Нурун чачат бүт ааламга таңында.
Сен бар үчүн деңиздеймин чалкыган,
Асмандагы ак булутмун калкыган.
Сен бар үчүн максат коюп алдыга,
Канат күүлөп бийиктерге талпынам.
Сен бар үчүн бүтпөс сүйүү казалын,
Сезимимден миң толгонуп казамын.
Сен бар үчүн жазып жүрөм жадабай,
Кайрап алып махабатка каламым.
Сен бар үчүн сезимдерге бөлөнөм,
Бүчүр байлап, бажырайып көгөрөм.
Сен бар үчүн обон болуп ырдалып,
Кылымдарга өлбөс болуп төрөлөм.
Сен бар үчүн ырларыңдын сабында,
Өлбөс болуп экинчи ирет төрөлөм.
УРПАКТАРГА БЕРЕЛИ
Ала-Тоонун бүркүтүндөй айланып,
Мекени үчүн ак кызматка шайланып.
Кылыч мизи, найза учунда турса да,
Кыргыз уулу койгон эмес тайманып.
Элин коргоп, жерин коргоп душмандан,
Жайчылыкта ит агытып, куш салган.
Бабаларым басып өткөн улуу жол,
Баары келип эркиндикке тушталган.
Бирде үзүлсө, кайра жалгап улаган,
Бирде курса, кайра кыйрап кулаган.
Ошентсе да теңчилигин талашып,
Эл башкарып, каганы калк сураган.
Майтарылбас намыска бек элибиз,
Кен байлыкка, ырыска мол жерибиз.
Чыпчыргасын коротпостон берели,
Урпактарга уңгу кылып эми биз.
МЕН БИРӨӨНӨ
Мен бирөөнө көз жетпеген тереңмин,
Ашыктыгын уга албаган кереңмин.
Бирөө үчүн аял-эркек жумушун,
Тең аткарып, моюбаган беренмин.
Мен бирөөнө таза болсом булактай,
Кыялы наз, кыргый мүчө бурактай.
Мени бирөө көрө турган көзү жок,
Амандашсам алик албайт, сурап жай.
Мен бирөөнө көктөгү ай көрүнсөм,
Көп ичинен көңүл буруп бөлүнсөм.
Мени бирөө таба кылып жылмаяр,
Тагдыр калчап ыдырасам, сөгүлсөм.
Мен бирөөнүн өмүрдөгү арманы,
Сүйүп, жетпей өкүнүчтө калганы.
А бирөөнүн итатайын тутултуп,
Жүзүндөгү күлкүсүн жууп салганы.
Мен бирөөнүн асмандагы жылдызы,
Жомоктогу перилердин үр кызы.
А бирөөнүн көңүлү айнып көрүнсөм,
Каалап турат өмүрдөн жок кылгысы.
Мен бирөөнүн акылгөйү такмаза,
Кадырыма кир жугузбайт таптаза.
Жамы журтка жагуу кыйын көрүнөт,
Ар биринин ой-мүдөөсүн таппаса.
Бүт адамга жагуу кыйын көрүнөт,
Бардыгынын каалоолорун таппаса.