Поэтерапия: "Башканы да сүйсөң керек ээ, баш кошконсуң мага эмнеге?"

Акжол Доранбек уулу 1994-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Жаш калемгер Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын адабият жаатындагы лауреаты, "Күтүүнүн аягы" ыр жыйнагынын автору. Эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын жетекчисинин орун басары, азыркы тапта КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын расмий басылмаларды даярдоо бөлүмүндө адис болуп эмгектенет. Жаш калемгер "Поэтерапия" рубрикасынын коногу болуп, ырларынын жаралуу тарыхын баяндап берди.

Дилдеги жооп

- ..."Башканы да сүйсөң керек ээ?

(Баш кошконсуң мага эмнеге?!")

- Эх сен десе, кызганчаагымсың,

Жалгыз өзүң – жан тумарымсың

Ооба сени жолуктурганча,

Башкаларды жактырганым чын.

Бирөө сендей кыялкеч эле,

Бирөө тынбай таттуу жечү эле.

Бири болсо көзү бакыраң,

Болбогонго ыйлай берчү эле.

А эстедим: бири боючу –

"Бир алтымыш бештей" болуучу.

Бою эле эмес, чачы, кашы да,

Купулума чындап толучу.

Бири абдан баёо жан эле,

Маңдайында меңи бар эле.

Ырды сүйгөн дили таптаза,

Сөзүн уксаң тили бал эле.

Бири менден өзүн тапчу эле,

А бирөөнө ырым жакчу эле...

Бирок дүйнөм ушунун баарын,

Бир адамдан таппай жатты эле.

- Анан?

- Анан сага кезиктим,

Баары калып сен деп, ээликтим.

Көрсө сени ушул кыздардын

элесинен издей берипмин...

Жалгыз өзүң – жактырганымсың!

Жалгыз өзүң – жан тумарымсың!

"Дилдеги жооп" деген ырдын жазылып калуусунун себеби келинчегим экөөбүз, жаңы баш кошкондо келинчегимдин "Башканы да сүйсөң керек, мага эмнеге баш коштуң эле?" деген суроосунан улам жазылган ыр. Ага жоопту ыр түрүндө берейин деп жумушта толгонуп олтуруп ушул ыр жазылды. Анан жазып бүтүп, ырды келинчегиме смс аркылуу жибергемин. Бул ыр жаш түгөйлөрдүн ортосунда болгон шаблондук суроо жооп болуп калды.

Чыгарманы көпчүлүгү айрыкча жаш, жаңы баш кошкон түгөйлөр жактырып, социалдык тармактарга жарыялаган посторго белгилешет. Бул учур мага абдан жагымдуу болгондуктан, сүйүнүп калам. Анан "Башкаларды да сүйсөң керек ээ, баш кошконсуң мага эмнеге?" деген суроонун берилип калганына менин мурда сүйүү темасындагы жазган ырларым, айрыкча "Үмүт, ай!" аттуу чыгармам себеп болсо керек.

Апама

I

Эсиңдеби,

Алгач мектеп босогосун жан балам

Аттаганы жатат, эх деп сүйүнүп,

Апапакай азем көйнөк кийинип,

Тынч албаган мени колдон жетелеп

баратканда

сөз айтканмын эркелеп:

Апа, апоов,

барбай эле койсоң кантет мен менен?!

- ии, эмнеге?

- Тээтигинин апакеси чардайган,

Курсактуу экен десе элдер,

Уят эле болом го апа, мындайга

күлөт достор,

Жакпай калам кыздарга...

Ошол күндүн эртеси эле кечинде,

Карындашым төрөлгөнү эсимде.

А бир жолу,

Таңдан кечке ойноп келсем күйүгүп,

Ме, күчүгүм, азык кыл деп кардыңа,

Сары май, чай, нанды койсоң алдыма.

- Коңшу жеңем ак нан жабат экен деп,

Кара нанды жебей койгом кекеңдеп.

А сен күлүп:

- Эне сүтү дале оозуңдан кете элек,

Сенин көпкө түшүнүгүң жете элек.

Жаратканым ырыскыңдан кем кылбай,

Уулум, сага кең келечек берсе деп,

Башым сылап, өөп койгонсуң чекемден!

Ал учурда жокчулуктун заманы,

Жокту- барды түшүнө элек баламын.

Студентмин,

Сессия бүтүп келсем үйгө калаадан...

Каармандардын арзуусуна түйшөлүп,

Бир күн кечке сериал көрсөң үч бөлүп.

- Балаңдын да сүйүүсүнө тынч алып

түйшөлбөсөң керек апа мынчалык...

Деген элем колуңдагы пультту алып.

Анда сүйүү эс тандырган кез эле,

Өз ордуна түштү ал да тез эле...

II

Менин түптүз кыялыма чыдаган,

Мени ушул турмуш жолго чыңаган.

Түйшүгүмдү түйшүк эмес парз көрүп,

Түндүгүмдүн түз болушун сураган,

апа сенин мээримиңе курчалып,

апа сенин тилегиңден күч алып,

жүрөмүн мен,

бүт өмүрү бакыт күткөн

үмүтүңө үмүт болуп уланып.

"Апама" деген ырдын тарыхына токтолсом, кичине кезимде ашкере тентек бала болчумун. Чынында апамды көп жолу какшаттым. Ошол тентектигимди моюндап, баардык өтмүшүм көз алдыман чуурулуп, ушул ыр жаралган. Апам мени 1-сентябрда уулумдун биринчи коңгуроосуна катышып келейин деп, жетелеп бара жатканда апама "Апа, барбай эле коюңузчу, сиздин курсагыңыз чоң болуп турса, мен кыздарга уят болом го", - деп апам менен чогуу барган эмесмин. Эртеси күнү эле апам көз жарып, карындашым төрөлгөн. Ал учурда мен балалык кылып, апамдын кош бойлуу экендигин капарга алган эмес экенмин.

Андан кийин 2000-жылдардагы каатчылыктын белгиси берилет, коңшу жеңемдин үйүнө барсам ак нан жабат экен. Анан үйгө келсем апам кара нан берсе апама "Апа, мен бул нанды жебейм, жеңемдин үйүнө барып, ак нан жейм" деп айткан экенмин. Ал учурда жокчулук заман болуп жатканын сезген эмесмин да. Андан кийин дагы тентектик кылып, студент кезде каникулда үйгө барсам, апам бардык аялдар сыяктуу эле сериял көрчү. Ошол сериялдын ичиндеги каармандардын тагдырына бушайман болуп көргөндүгүн көрүп "Апа, бирөөлөрдүн тагдырына бушайман болосуз, балаңыздын тагдыры менен ишиңиз жок" деп айтып алган калпыс сөздөрүм бар. Алар дагы ушул ырда чагылдырылган. Бул ыр чынында эл ичинде жылуу кабыл алынып жүрөт. Анын себеби катары баардык эле апанын мага окшогон тентек уулу болсо керек деп түшүнөм.

Абал

Байкап көрүп, алды-артымды карасам.

Зээним кейип, жүрөгүмдү канатам.

Баскан жолго из түшкөнү байкалбайт,

Багыт кандай, билбейм кайда баратам...

Күүгүм кирсе таңдын калбай карааны,

Күндөн ылдам түндүн берген саламы.

Дарыянын жээгиндеги чарчабас,

Чарпалектей дүйнөмдүн чар тарабы.

Күндүн чыгып, баткандыгын карасам,

Зээним кейип, жүрөгүмдү канатам.

Аз өмүргө тар убакыт жетишпей,

Жашаганга үлгүрө албай баратам.

Бул чыгарма да "Дилдеги жооп", "Апама" деген ырлар сыяктуу социалдык тармактарда жарыяланып жүргөн ырлардын бири. Кээде бул ырым жеке кат куржунума бирөөлөрдүн көркөм окуусунда, кээде автордун аты белгиленип, кээде белгиленбей кайра эле айланып өзүмө келип калат. Ага чынында анчалык терикпейм, себеби биз жазган ырларыбызды элдер окусун деп жазабыз.

"Абал" ырынын жазылып калуусунун себеби ар бир эле жаш адамдын же студент болобу анда жогорку окуу жайына тапшырып, бир кесипке ээ болоюн, аны бүтүп жумушка орношоюн, жашоодо өз ордумду, багытымды табайын деген маселе болот. Ошол сыяктуу эле менин дагы өзүмдүн турмуштук багытымды, жолумду таба албай, арсар болуп турган учурда жазылган ыр. Байкап көрүп, алды артымды, келечегимди карасам туман болуп көрүнбөйт, анык багыт көрүнбөйт, эмне кылышты билбейсиң, кандай кадам ташташты билбей каласың. Негизи жаш эле эмес, ар бир адам баласынын башында мезгилдүү, адамдын өмүрүн коштоп жүргөн ушундай абал болуш керек. Бул ыр менин ошондой бир учурумду чагылдырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
raikakyz
2020-08-20 14:36:33
Баракелде!!!
Аз өмүргө тар убакыт жетишпей,
Жашаганга үлгүрө албай баратам...
Кандай керемет саптар,эх, калемиң эч мокобосун Акжол. Сонун ыр саптардын ээси болуу кандай сонун!
+2
i1urp
2020-08-21 10:20:35
Ыр эн сонун. Ушундай ырлардын аудиосун дагы чыгаршса да жакшы болмок.
+1
molorbaev
2020-08-21 21:38:48
Сонун экен го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан