"Текебаев эми депутат эмес, мен соттон уттум". Акындын билдирүүсү боюнча Жогорку Соттун жообу

Бүгүн, 23-ноябрда акын Темирлан Ормуков "Текебаев эми депутат эмес, мен соттон уттум" деген билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Жогорку Соттун Конституциялык палатасына барам. Ал катышкан мыйзамдардын баары мыйзамсыз. Анткени көчөдөгү киши парламенттеги добуш берүүлөргө катыша албайт" , - деп жазылат билдирүүдө.

Бул боюнча Жогорку Сот: "Административдик сот Ормуковдун доо арызын канааттандырды. Толук маалыматты эртең беребиз" , - деп жооп берди.

Буга чейин акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан