Президенттикке талапкер Садыр Жапаров кечээ, 23-ноябрда түз эфирде "Бийликти бир колго топтоп, тез арада Конституцияны өзгөртүп алууну максат кылып жатасызбы?" деген суроого жооп берди.
"Мен интернет булактарынан баарын көрүп жатам. Бир жумадан бери сабырдуулук кылып отурам. Акылдарына келип, айтып жаткан калптарын оңдоор деген сабырдуулук менен күттүм. Бирок күндөн-күнгө күчөп бара жатышат. Андыктан аларга жооп берүүгө туура келип жатат. Элге бүгүн баарын ачык айта турган мезгил келип жетти. Текебаев, Отунбаева, Садык-Шер, Иманалиев айтып жаткан бүгүнкү күндөгү Конституциянын долбоору 2010-жылдан бери талкууланып келе жаткан долбоор. 2010-жылы Текебаевдин Конституциясына альтернатива катары киргизилген. Бул долбоорду мен жазган жокмун. Болгону эки гана сунуш киргиздим. Бул долбоордун башында Азимбек Бекназаров, Бекбосун Бөрүбашев, Кадыр Кошалиев баштаган 20 адам турат. Автору бир эле адам эмес" , - деп жооп берди Жапаров.