Баш байге 200 миң сом. "Жаш жаратман" видеороликтер сынагы жарыяланды

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жаштар үчүн тарбиялык багыттагы "Жаш жаратман" аттуу социалдык видеороликтердин сынагын жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакка чыгармачылык борборлор жана кесипкөй студиялар катыша алат.

Сценарий мекенчил, чынчылдык, жоопкерчилик, асылдуулук, эмгекчилдик жана башка жакшы сапаттарга ээ жаш кыргызстандыктын образын жаратууга багытталышы керек.

Видеороликтин узактыгы эки мүнөттөн ашпоого тийиш.

Сынактын жеңүүчүлөрүн өзгөчө атайын түзүлгөн сынактык комиссия упай берүү аркылуу аныктайт.

Жеңүүчүлөр грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат:

  • 1-орун – 200 миң сом;
  • 2-орун – 150 миң сом;
  • 3-орун –100 миң сом;

Видеороликтер 2020-жылдын 18-декабрына чейин кабыл алынат.

Кошумча маалыматты агенттиктин сайтынан же 0500 054 887 (what’s app) номери аркылуу алсаңыз болот.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан