Орусияда сутка ичинде коронавирустан 500гө чукул адам каза болду

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 24 миң 326 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 491 адам каза болсо, 23 миң 226 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус илдети аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 5838 (айыккандар 5601);

Санкт-Петербург - 3179 (айыккандар 1628);

Москва облусу - 970 (айыккандар 558);

Нижегород облусу - 443 (айыккандар 890) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 2 миллион 138 миң 828 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 37 миң 31 адам каза болсо, 1 миллион 634 миң 671 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан