Атабек, Атахан, Атабий. Бишкекте төрөлгөн 3 эмге ат коюлуп, төрөтканадан чыгарылды

Кечээ, 24-ноябрда Бишкекте төрөлгөн 3 эм төрөтканадан чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге эгиздердин эжеси билдирди.

Анын айтымында, эненин жана балдардын абалы жакшы.

"Балдардын чоң ата, чоң энеси баш болуп, келинибизди кечээ үйгө алып келдик. Эне балдардын абалы жакшы, баарыбыздын кубанычыбызга чек жок. Бөбөктөргө Атахан, Атабек, Атабий деп чоң атасы ысым ыйгарды", - деди эгиз балдардын эжеси.

Белгилей кетсек, 3 эм 16-ноябрь күнү Бишкектеги №4 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nuraika-R
2020-11-26 00:05:35
Омурлуу ыймандуу кыргызымдын чыгаан уулдарынан болсун Аллахым ата энесине да ден соолук берсин бизге да баарыбызга насип кылсын ушундай бактылуу кундор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан