"Алдыда кычыраган кыш". Оштогу памирликтер кандай күн кечирип жатканын баяндайбыз (фото)

Памирден келген кыргыздар Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылынан Талды-Суу айылына 24-октябрда көчүп келишкен. Азыркы учурда айылда 18 үй-бүлө, 88 адам жашап жатат. Бул тууралуу Талды-Суу айыл өкмөтүнүн катчысы Ырыскан Орколова билдирди.

"Учурда чоң-кичине болуп жалпы 34 адам кат-сабатын жоюу максатында мектептерде билим алышууда. Быйыл бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп, Памирден келген кыргыздарга бардык шарты бар үйлөр курулган. Ай сайын азык-түлүк (ун, кумшекер, нават, вермишелдин түрлөрү, май, чай, туз жана башка) берилет. Биз көчүп келген памирлик туугандарыбызга келип, кээ бир билбеген нерселерди үйрөтүп жатабыз", - деди Ырыскан Орколова.

Учурда Талды-Суу айылында жашап жаткан Памирден келген боордошторубуз кат-сабатын ачуу максатында мектепке барып, окуп жаткандыгын айтышты.

"Азырынча Памирге көчүп кетүү ойлору жок"

"24-октябрда көчүп келгенбиз. Азыр суук, жумуш жок. Жаңы көчүп келгенде айыл өкмөтү тарабынан (1 мүшөк ун, 4 литр май жана башка) азык-түлүк берилген. Мындан кийин дагы азык-түлүк берилеби, жокпу айта албайм. Үйлөр "паровой" менен жабдылган, ошондуктан ичи жылуу. Болжолдуу 15ке жакын окуучу 1-класстан 5-класска чейинки мектепке барып жатышат.

Бул жактагы суук менен Памирдин суугу бирдей эле болуп калат экен. Ал жакта деле ушундай суук, жаан-чачын. Бирок азырынча жашоочулардын Памирге көчүп кетүү ойлору жок", - деди Памирден келген Нурулхуда Турдиахун уулу.

"Азырынча жакшы жашап жатабыз. Бизди Сары-Могол айылынан Талды-Сууга көчүрүп келишти. Сары-Могол айылында базар болот эле, андан тышкары жума намаз жакшыраак болчу. Ал эми аба ырайы боюнча айтсам, эки айыл бирдей эле суук экен. Үйлөрдү көмүр менен жылытып жатабыз. Бир унаа көмүр түшүрүп беришкен. Аны бөлүп алганбыз. Азырынча жетиштүү.

Кайра Памирге көчүп кетүү оюбуз деле жок. Балдарыбыз окуса, жакшы жашасак. Памир суук болгондуктан ден соолукка көп зыян алып келчү. Памирден жылуу жерде болсок дегенбиз. Жаңы көчүп келгенде азык-түлүк берилген, ошону менен жашап жатабыз. Мындан кийин азык-түлүктү өзүбүз алабызбы же мамлекет береби муну дагы билбейбиз.

Мектепке барып окуп жатам. Эртең менен саат 9:00дө барып, 12ге чейин окуп жатабыз. Кээ бирлери экинчи нөөмөттө 5ке чейин окушат. Үйдө жалпы 13 адам жашайбыз", - деди памирлик Оганбек Зайир уулу.

Эске салсак, 2019-жылы Ооган аймагынан 11 үй-бүлө көчүрүлүп келген. Андан соң Алай районунун Сары-Могол айыл аймагындагы мектептин имаратына жайгаштырылган. Кийинчерээк Талды-Суу айылына 24-октябрда көчүрүлүп, атайын Памирден келгендер үчүн курулган үйлөргө жайгаштырылган.

Талды-Суу айылындагы Памирден келген кыргыздарга арналып курулган үйлөр
Талды-Суу айылындагы памирликтердин турмушу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Adi010891
2020-11-25 18:18:02
Буларды алып келген сон караш керек, булар деле бизге боор тартып келди. Жок дегенде оз алдынча иштеп кеткиче караш керек
+16
Agayu
2020-11-25 20:57:39
Азаматтар :
0
Haanykeim
2020-11-26 10:09:20
Өзү булар суук жактан келсе,кайра эле суук жакка алып барып койгону эмнеси..
+3
zhaynak
2020-11-26 14:31:02
Haanykeim,Адаптация акырындаап болот. Кийин кочурот уйронгонго карап
0
XAN-TORO
2020-11-26 13:23:46
Сары Могол менен Талды Суунун ортосу жакын эле базар жумасына бир эле жолу болот жумага деле барса болот. Талды Сууда комур кени бар Алай району Чон Алай районунун эли ошо жерде комур чогултуп сатып эле сонун жашашат. Талды Суу айылы Алай районунун эн бай айылына кирет. Мээнет кылып иштешсин Памирде бекер жатып конуп калышкан да. Кунуно торт кап комур сатса да 500сом табат. Комурду казышпайт жон эле чогултушат чондорун
+1
Nuri1988Elim2010
2020-11-26 15:50:27
Бизге караганда шарттары жакшы го, наалышпай жашашса болот, өкмөт караганы ушунчалыкта, биз бул жакта төрөлүп өсүп жер ала албай жүрөбүз го
+8
nazira...
2020-11-26 20:08:01
Nuri1988Elim2010, ооба. Мен да жетпей журом мындай уйгө
+1
Nuri1988Elim2010
2020-11-27 09:28:53
nazira..., Ошону айтыңыз үйүн салып берсе, продукта берип жатса, калганын эми аракет кылышсында. Биз бул жакта төрөлүп өсүп участка ала албай жүрөбүз го
0
Noon
2020-11-27 00:04:16
Кудай дебей милдет кылышат го жергиликтүү кыргыздар жыргап жаткансып. Үйү жок квартиралар жүрүшөт төрттөн бештен балдарын жетелеп
+1
33SUUN
2020-11-27 02:49:26
Памирдеги кыргыздардыг эн кедеймин дегенинин 50 топозу бар жок эле дегенде.Бул жерге келип эми алар эч качан комур казып сатып жан багайын дешпейт.Кунуно 500 эмес 1000сом толоймун менин уйумо барып кечке чейин жумуш кылып бер десен колунун ортосун корсотот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан