Темирлан Султанбеков Бишкектин мэриясына кызматка келди

"Социал демократтар" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Темирлан Султанбеков Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевге кеңешчи болду. Бул тууралуу вице-мэр социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Темирлан Султанбеков иним келди. Мага кеңешчи болуп, экөөбүз чогуу иштемей болдук. Шаарыбыз үчүн жакшы иштерди жасайлы деп, пландарды түздүк. Буюрса, жакшы иштерге күбө болосуздар. Карапайым элдин жашоо турмушуна аралашып эле тим болбостон, элдин көйгөйүн чечүү жолдорун табалы дедик. Алган билимибиз менен топтоп жаткан тажрыйбаларыбыз элибиз үчүн болсо деген ак тилегибиз бар. Калктын казынасына кол салбай иштесе болоорун далилдеп беребиз. Элдин бизге болгон ишеничин актайбыз. Адамдык абийирибизди сактайбыз. Асмандагы айды алып беребиз деп убада бербейбиз. Бирок ар бир адамдын жүрөгүнө чындык болуп киребиз", - деп жазган Ырсалиев.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы азырынча бул маалыматты тастыктай элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pankration_MMA
2020-11-26 10:35:13
Дагы бир ашанын провокатору келдиби!
+5
Shabi
2020-11-26 15:47:11
Pankration_MMA,как будто сенин кудай коруп жургон садырын суттон ак таптаза.Ал дагы качып жургон Бакиевтин куйругу Ак жол партиясы менен келгенин унутпагыла
-4
sultan_bek
2020-11-26 16:23:23
Shabi,
Садыр Бакиевтин слугасы болуп журбоду беле
-6
bekov01
2020-11-26 10:40:12
Балбак Тулобаев менен Дастан Шаршеевдей болобуз деп жатышат окшойт. Бирок силер алардай патриот емессинер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан