Бишкек шаардык мэриясы 2021-2025-жылдар аралыгындагы спорт жана дене тарбияны өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгып, шаардык кеңештин бекитүүсүнө сунуштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган документ коомдук талкууга коюлган.
"Бул концепция дене тарбия жана спортту өнүктүрүү маселелерин чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер үчүн багыттама катары кызмат кылууга, алардын күчтөрүн дене тарбия спорт уюмдарынын иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бириктирүүгө, бар болгон ресурстарды пайдаланууну оптималдаштырууга чакырат.
Концепциянын максаты – дене тарбия жана спорт менен машыккандардын санын көбөйтүү, Бишкек шаарынын калкынын дене тарбия жагынан даярдыгын жана спорттун өнүгүшүн жакшыртуу", - деп белгиленет документте.
Аталган концепциянын артыкчылыктуу милдеттери:
- калктын, өзгөчө балдардын жана жаштардын дене тарбиясынын жана билим берүү процессинин сапатын жакшыртуу;
- калкты, өзгөчө балдарды, жаштарды дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга туруктуу кызыкчылыгын, керектөөлөрүн жана жашоонун сергек мүнөзү көндүмдөрүн калыптандыруу, дене тарбия жана спорт жаатында билимдүүлүк деңгээлин жогорулатуу;
- жогорку класстагы спортчуларды даярдоонун натыйжалуу тутумун түзүү;
- дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн материалдык-техникалык спорттук базаны бекемдөө;
- бар болгон спорт курулмаларын натыйжалуу пайдалануу.