Конституциялык кеңешмеде англис тилин экинчи расмий тил кылуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда, жыйында кеңешменин мүчөсү Максат Чакиев айтты.
"Менин көз карашым боюнча бир өзөктүү маселе бар. Дагы бир расмий тилди кошуу боюнча маселени карап көрүүнү сунуштайм. Конституцияда орус тили расмий тил. Бул өз убагында абдан жакшы, туура чечим болгон. Орус тилин 10дон ашык мамлекетте колдоно алабыз. Дүйнөлүк процесске аралашабыз десек экинчи расмий тил катары, англис тилин киргизүүнү карап көрүү сунушун берем", - деди ал.