Кечээ, 26-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйыны өттү. Анда кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев Кыргыз өлкөсүндө кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керек экендигин айтты. Ал кыргыздар эне тилин унутуп баратканын белгиледи. Бул боюнча бир катар саясатчылар өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.
Президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз орус тилин расмий макамынан ажыратуу сунушу "кыска ойлуу" деп атады. "Орус тили дүйнөлүк маалыматтык жана маданий мейкиндикке жетүүнүн эң маанилүү каражаты болуп эсептелинет. Орус тилин расмий макамынан ажыратуу "кыска ойлуу" сунуш", - деп билдирди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Кыргыз мамлекети 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашаган көп улуттуу өлкө экенин белгиледи. "Өлкөнүн бардык жарандары мамлекеттик тилдин өнүгүшүн колдоп келишет. Бүгүнкү күнү парламенттин, өкмөттүн жана башка бардык отурумдар мамлекеттик тилде өтөт. Эмне үчүн Конституциялык реформаны талкуулоодо айрымдар расмий тилдин макамын өзгөртүү, салыштыруу жөнүндө жасалма талкуу болуп жатат? Бул баалардын өсүшүнөн, сомдун курусунун төмөндөшүнөн, пандемиянын экинчи толкунунан көңүлдү башкага бурдуруу аракети болушу мүмкүн. Мен буга макул эмесмин. Орус тилин билүү менен биздин жарандарыбыз Орусияда, жана башка өлкөлөрдө жакшы каражат төлөгөн жерлерде иштеп жатышат. Азыркы учурда, кооптуу мезгилде, орус тилинин макамы жөнүндө талкуу орунсуз нерсе", - деди ал.