Кыргыз өлкөсүнүн мурунку вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мурунку вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Сарпашев суракка чакырылат" , - деп жазылат маалыматта.