Эки бөйрөгү жарактан чыгып, жардамга муктаж болчу. Теле алып баруучу Айдана Жаныбекованын бүгүнкү абалы айтылды

Буга чейин 5-каналдын теле алып баруучусу Айдана Жаныбекованын эки бөйрөгү жарактан чыгып калганы, анын жардамга муктаж экени маалымдалган.

Азыркы тапта Жаныбекованын абалы жакшы жана ага жасалган операция ийгиликтүү болгон. Бул тууралуу теле алып баруучунун кесиптеши Сагын Эргешов кабарлады.

"Айдана чет өлкөдөн операция жасатып, мекенине келгение бир жарым айга жакындап калды. Анын чыгармачылыктагы достору, жалпы шоу бизнес өкүлдөрү концерт уюштуруп, бир аз каражат чогултушкан. Андан сырткары жакындары, бир туугандарынын көмөгү менен ага жасалчу операцияга акча каражат табылып, операция ийгиликтүү жасалды.

Азыркы учурда Айдананы абалы жакшы экен. Аны көрүп абдан сүйүндүк, маанайы дагы эң жакшы экени байкалды. Бүгүн ал жакын адамдарын чакырып, түлөө өткөздү. Айдана жалпы Кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип, баарына рахмат айтты. Ал абдан күчтүү кыз, көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү, жыйынтыгында аны жеңип чыкты", - деди Эргешов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nina.alex
2020-11-29 16:02:50
Жакшы болуп кет. Бирок пиар учун алдыгы кишилер суротко тушо беришпесе. Кыз оор операцияны башынан откоруптур. Азыр кичине инфекция кирсе акы балы оорлощуп кетиши мумкун. Деги эле элден алыс болуш керек, то лугу менен айвкмайынча. Кучуакташып суротко тушпой
+19
Pankration_MMA
2020-11-29 18:22:27
Артисттердин ушинтип ар эркектин кучагына кире бергени беситта.
+14
Muzik
2020-11-30 10:18:56
Pankration_MMA,Булар журналисттер го.
0
Raihan0602
2020-11-30 10:24:25
Кесипештери менен сүрөткө түшүп койсо күнөө эместир ооруба ден соолукта бол кызым
+3
Nina.alex
2020-11-30 17:19:53
Raihan0602,лично мен куноо дебеймм. Просто инфекция кирет деп переживаю
+1
Nur-sultan
2020-11-30 20:25:49
Nina.alex,туру айтасың.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан