"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев Махмуд Кашгаринин "Түркий тилдер сөз жыйнагындагы" архаизмдердин маанисин чечмелеп берди.
Маң. Мааниси - кадым, басык. Жомоктордо төөгө карата айтылып келет. "Маң-маң-маң баскан, чуудаларын чаң баскан". Төөнүн кадамдап басышын маң-маң-маң баскан деп айтышкан.
Алик. Мааниси - кол. Кыргыздар "алик алды" деп коюшат. Бул колун берип саламдашты деген маанини билгизет.
Кирит, килит. Мааниси - кулпу. Мисалы: "Бир куржундун оозун килиттеди". Азыр кээ бир диалектилерде колдонот. Адабий мааниси кулпу.
Бакыр. Мааниси - кедей-кембагал. "Эки бакыр, бир тукур" деген сөз бар. Мында эки кедей-кембагал же колунда жок адамдар биргелешип, иш кылса артыгыраак болот, жакшы болот деген маанини берет.