
Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык кеңештин мүчөсү
Акылбек Жапаров депутаттыкка талапкерлердин жашын 21 жаштан 25 жашка чейин көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу
Темирлан Султанбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Албетте, ал муну мага каршы жасоого аракет кылып жатат. Менден башка 25 жаштан ылдый бир дагы талапкер жок. Конституциядагы бүтүндөй бир беренени, менден өч алуу үчүн гана өзгөртүүнүн эмне кереги бар?. Акылбек Жапаровдой саясатчылар коркуп бизди өткөрбөө үчүн бүт күчүн жумшап жатканы жакшы көрсөткүч" , - деген Темирлан Султанбеков.
Азырынча Акылбек Жапаров Темирлан Султанбековго жооп бере элек.