Жалал-Абад шаарынын тургуну Бахтигул Базарматова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1978-жылы туулган Базарматова Бахтигул Сабировна ушул жылдын 25-ноябрь күнү, саат 15:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп, үйүн көздөй кеткен боюнча дайынсыз.
Учурда Бахтигул Базарматованын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, чачы кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Башында сары, кара түстөр аралашкан жоолук, тизеге чейин келген боз түстөгү куртка, кара түстөгү шым, такасы кызыл болгон кара түстөгү бут кийим.
Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Байланыш телефону: 03722 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02.