Вице премьер-министр: "Бейтапканалардын дарыгерлери вируска каршы кытай таблеткаларын таркаткандыгы кооптондурат"

Бишкек шаарындагы бейтапканаларда дарыгерлер жайында вируска каршы кытай таблеткаларын таркаткандыгы кооптондурат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирген.

Жыйында Эльвира Сурабалдиева отчеттордо канча дары-дармек каражаты алынгандыгы жана алардын аталышы көрсөтүлбөгөнүн белгилеген.

"Бишкек шаарындагы ооруканалардын дарыгерлери жайында вируска каршы кытай таблеткаларын таркаткандыгы кооптондурат. Эмне себептен тийиштүү текшерүүлөрдү өткөрбөстөн, бул дары-дармектер медициналык мекемелерге багытталган? Алардын курамын, сертификатташтырылгандыгын эч ким текшерген эмес. Бирок аларды пандемия учурунда иммунитети алсызданган жарандарга беришкен. Мындай учурлар үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин жоопкер жактары тартиптик жоопкерчиликке тартылышат.

Мындан тышкары, Тез жардам станциясы жабдылбагандыгынын себеби эмнеде? Менин пикиримде, анын себеби айлык акыга гана тийиштүү эмес. Мага белгилүү болгондой, жубайы Бишкек шаары боюнча түзүмдүк подразделениелерди башкарса, ал эми жолдошу Тез жардам станциясынын ишин координациялайт. Маалыматтарга ылайык, ошол эле учурда жолдошу жеке Тез жардам кызматын ачкан. Мында түздөн-түз кызыкчылыктардын кагылышы бар экендиги байкалбайбы? Бишкек шаардык мэриясы кызыкчылыктардын кагылышуусу жана маселенин моралдык тарабын эске алуу менен кызматтык иликтөө жүргүзүүгө тийиш" , - деген Элвира Сурабалдиева

Вице-премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу жактарына карата тартиптик мүнөздөгү чаралар кабыл алынарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан