3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнү

Бүгүн, 3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Өлкө боюнча 2020-жылдын 3-декабрына карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны 193 миң адам болсо, алардын арасынан 32 миң адам 18 жашка чейинки балдар экенин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн 193 миң адам майыптуулук фактысын белгилөө боюнча ырастоодон өткөн жана алар мамлекеттен 4 миң сом өлчөмүндөгү жөлөк пул алат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүн белгилөө Бириккен улуттар уюмунун генералдык ассамблеясы тарабынан демилгеленген. Алар өзүнүн 1992-жылдагы резолюциясы менен 3-декабрды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнү деп жарыялаган. Ал эми 2006-жылдын декабрь айында БУУнун Генералдык ассамблеясы калктын аярлуу катмарынын укугун коргогон конвенцияны кабыл алган.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө орточо эсеп менен 1 миллиарддан ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар экени БУУнун статистикасында жазылган. Бул дүйнө калкынын 15 пайызы болот.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер сыноого моюн сунбай, жашоодо чоң ийгиликтерге жетишкен учурлар көп эле кездешет. Тарыхка көп чаптырсак, улуу композитор Людвиг Ван Бетховен, АКШнын президенти Теодор Рузвельт, атактуу физик, жазуучу Стивен Хокинг жана башкалар.

Биздин өлкөдө дагы ийгилик жаратып, эч кимден жардам сурабай эмгектенип жаткандар жок эмес. Алардын арасында Кыргыз өлкөсүнүн атагын алыска таанытып жаткан, көптөгөн эл аралык конкурстардын лауреаты жана жеңүүчүлөрү болгон "Тумар" бий тобу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан