Кол чогулткан талапкерлер, Путиндин сөзүнөн кыйыр маани тапкан Кулов, эркек малды экспорттоого чакырган Икрамов. Күн ичинде орун алган саясий кабарлардын жыйындысы бир шилтемеде

Бүгүн, 3-декабрь, күнгө бейшемби. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күндүн "туздуу" саясий окуяларынын топтомун алдыңызга сунуш кылат.

Президенттикке талапкерлер акыркы электен өтөт

Бүгүн президенттик кызмат үчүн жарышка аттангандар акыркы жана эң чоң сыноодон өтүшөт. Тактап айтканда түнкү 12ге чейин ар бир талапкер 1 миллион сом өлчөмүндөгү күрөө акчасын төлөшү керек жана 30 миңден кем эмес кол чогултуп, БШКга тапшырышы керек. Ушул сааттарга алынган маалыматтар боюнча күрөө акчасын 20 талапкер төлөсө, 6 талапкер - чогултулган кол тамгаларын БШКга тапшырды. Президенттикке талапкерлигин коюудан баш тарткан талапкерлердин саны да бүгүн күндөгүдөн көп катталды. Алар: Базарбай Темишов, Акжолтой Тукунов, Жамбылбек Камчиев, Арсланбек Малиев, Адилет Маматов, Азамат Эсенбеков, Бакытбек Жумагулов, Абдыкаар Сыдыков, жана Турсунбай Бакир уулу.

Дагы канча талапкер жетиштүү кол топтооруна түнкү саат 12:00дөн кийин күбө болобуз. Мындан сырткары чогултулган колдор 8 күндүн ичинде БШК тарабынан текшерүүдөн өтөт.

Феликс Кулов Путиндин сөзүнөн кыйыр маани тапты

Саясатчы Феликс Кулов Орусиянын президенти Владимир Путиндин Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында айткан сөзүндө кыйыр маани бар экенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Темир Генерал" айрым күчтөр Кыргыз өлкөсү менен Орусияны алыстаткысы келип турганын белгилеп, бирок алардын тилеги таш кабат деген пикирде.

"Путин Кыргыз өлкөсүндөгү болуп жаткан окуяларды тынчсыздануу менен карап жатканын айтты. Бул мамлекеттеги абал толук турукташа элек дегендик. Ошондуктан, ал шайлоолор жогорку деңгээлде өтүшүнө кызыкдар экенин белгилеп өттү. Бул анын биздеги шайлоонун жакшы өтөрүнө болгон үмүтү жана тынчсыздануусу", - дейт Кулов.

Жанар Акаев өлкөдө Түркмөнстандын курулуп жатканына нааразы

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында мамлекетти башкаруунун формасын аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Депутат Жанар Акаев президенттик башкарууга кайтуу ыктымалдуулугуна каршы пикирин билдирип, мындай кадам Кыргыз мамлекетин Түркмөнстанга айлантарын айтты.

"Биз, албетте, көпчүлүк эл эмне деп чечсе ошого макулбуз. Бирок, Түркмөнстандын жолуна өтө тездик менен салып берип жатабыз. Абдан өкүнүчтүү. Кийин бул демилге үчүн өкүнөсүңөр" деген Акаевдин сөзүнө Акылбек Жапаров "элден президенттик же парламенттик башкарууну сурагандан өкүнбөйбүз" деп жооп берди.

Мурдагы премьер-министр коронавируска кабылды

Мурда короновируска каршы Республикалык штабды жетектеген, экс-премьер министр Кубатбек Боронов коронавируска кабылып, ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн маалым болду. Бороновдун жакындары белгилегендей, анын абалы учурда туруктуу, Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жатат. Бирок медицина тармагындагылар мурдагы премьер-министр жандандыруу бөлүмүндө экенин билдиришти.

Канткен күндө да Кубатбек Бороновдун айыгып кетишине тилектештигибизди билдиребиз.

Депутаттар айыл чарба министрин аз сүйлөөгө, эркек малды сатууга үндөштү

Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев депутаттардын бир нече суроосуна жоо берип, бир катар кеңештерди алды.

Мисалы Иса Өмүркулов министрликтин реформа тууралуу айткан сөздөрү качан ишке ашарына кызыкты. "Токтогазиевдин "Азыр бир долбоор өкмөттө турат. 960 миң долларга Сауд Арабиясынын фонду менен Сокулукта логистикалык борбор ачылат. Ал министрликке караштуу болот. 2021-жылы биринчи жыйынтыктарды көрүүгө мүмкүн болот", - деген жообуна депутат "көп сүйлөсөңүз эч нерсе ишке ашпайт" деп кеңешин айтты.

Ал эми Тазабек Икрамов Токтогазиевди эркек малдарды экпорттоого тыюу салбоого чакырды.

"Тыюу салууларды койдуңар, бир жагынан туура болуп жаткандырсыңар, экинчи жагына,н Өзбекстан, Тажикстанга эркек малдарды чыгаруу керек", - деди Икрамов. Буга министр "Кээ бир учурда ургаачы малды эркек деп, чыгарып салган учурлар болуп жатат. Негизи сиздин сунушуңуз туура. Бул маселени карап чыгуу керек", - деген жообун узатты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuri1988Elim2010
2020-12-03 22:36:46
Малдарды сыртка чыгарбай жакшы эле кылды, туура чечим, расса кымбаттап кетти эле, эми эт азыктарын арзандатса жакшы болмок
+3
Mularamov
2020-12-04 00:14:50
Койлорубуз кочкор
Уйларыбыз бука
Эчкилерибиз теке болуп чек арадан отуп баштайтко анда
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан