Чүй облусунун Москва районунун экс-акими Азамат Эсенбеков президенттик шайлоого катышуудан баш тартты.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бугүн, 3-декабрда Азамат Эсенбекович Эсенбеков БШКга 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда дайындалган президенттик шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алуу үчүн кайрылды", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Акжолтой Тукунов, Арсланбек Малиев, Базарбай Темишов, Жамбылбек Камчиев, Адилет Маматов, Бакытбек Жумагулов шайлоого катышуудан баш тартышкан.