
Президенттикке талапкерлигин коюп, Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалымат боюнча башка атаандаштарынан ат чабым алдыга кеткен Садыр Жапаров парламенттик шайлоо май айында өтөрүн айтты. Бул туурасында ал 10-январда өткөргөн маалымат жыйында билдирди.
"Парламенттик шайлоо май айынын аягында өтөт. Шайлоодо административдик жана башка бузуулар, добуш сатып алуулар болбой турганына күбө болосуздар. Мындан ары бардык шайлоолор ачык-айкын өтөт.
Эл арасында БШК добуштардын жыйынтыктарын жасап коёт деген түшүнүк кабыл алынып калган. Мен деле мурда ушундай ойдо болчумун. Бийликке келгенден кийин БШКнын серверлерин текшердим, жасап коюуга мүмкүн эместигине ынандым", - деди ал.
Ошондой эле Садыр Жапаров жаңы Конституция болжол менен эки айдан кийин кабыл алынарын, ошондон кийин өлкөнү башкаруу формасы алмашарын белгиледи.