Унаа, жер тилкеси, саякатка жолдомо! Ырчы Джоннинин көп кызыктар менен коштолгон үлпөт тоюнан репортаж

"Күттүм ай" аттуу ыры менен таанылган ырчы Джонни сүйүктүүсү Айжан менен баш кошту. Шаарыбыздын тойканаларынын биринде белгиленген үйлөнүү үлпөт тойго түгөйлөрдү куттуктап 400дөй киши келди. Замамбап форматта уюштурулган эки жаштын тоюнда биз көнүп калган жар-жар ыры, тортту аукционго коюу деген жөрөлгөлөр болгон жок.

Тойдун өзгөчөлүгү деп эки жашка тапшырылган белектерди айтсак болот. Джоннинин бир туугандары кымбат баалуу унаа жана жер тилкесин белек кылса, тармактык маркетингдердин бири февраль айында Египетке 10 күнгө саякатка жолдомо ыйгарды. Ырчынын айтуусу боюнча, алар бал айын январь айында Анталияда өткөргөнү жатышат.

Ак тойдо бир гана түгөйлөргө эмес, келген конокторго да өзгөчө белектерди беришти. Комуз, китеп сыяктуу белектерди даярдашканын, байгелер берилип жатканда байкадык. Эки жаштын тоюна шоу-бизнес өкүлдөрү да конок болушту. Алардын айтуусунда, көптөн бери пандемияга байланыштуу тойлорго барбай, бүгүнкү жакшылыкка өзгөчө даярданып келишкен. Салтанат эстрада ырчыларынын жандуу үн менен аткаруусунда музыка, бий менен коштолду.

"Концертке келгендей болуп жатабыз". Джоннинин тоюнан кызыктуу көз ирмемдер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baatirbek81
2020-12-03 21:53:27
Бактылуу болушсун!
Ушул ырчы беле бир тууганына акча чогултуп жүргөн аперацияга көп акча керек деп!
+1
mela
2020-12-03 22:18:23
Baatirbek81, ошол. Кыргыздар душман козуно деп куру намыс менен жашайбыз... бир туугандары канча мин$ машина белек беришти го....
+2
Bikosh2015
2020-12-04 04:54:44
Эл козуно мынабу автоунаа, жер силерге белек деп айтты, койду да. А так бактылуу бол иничек.
+1
mira28
2020-12-04 11:39:26
Бул Ким озу. Аты да кыргызча ат калбай калгансып Джонни го.
+1
Sara1993
2020-12-04 13:45:56
mira28, Бул жон гана чыгармачылыктагы лакап аты, ага дагы жаман соз жазыш керекпи? болгону бакыт каалап койсок болбойбу ? Тааныбасаныз жазбай эле койунуз.Сизге дагы кыргызча ат калбай калыптырбы? Эмне деген ат Мира деген деп айтса жагабы сизге?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан