Жарандар 29-декабрга чейин өздөрүн алдын ала түзүлгөн тизмеден текшере алышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, алдын ала тизме Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан түзүлүп, 2020-жылдын 10-ноябрынан тарта "Тизме" - https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырылганы айтылат.
"2020-жылдын 19-ноябрынан тарта шайлоочулардын тизмеси бардык шайлоо тилкелеринде илинип турат, шайлоо участокторунун бардык саны азыркы учурда 2 миң 475, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү 45 тилке да бар.
2020-жылдын 10-ноябрына карата шайлоочулардын алдын ала тизмеси боюнча шайлоочулардын саны 3 миллион 544 миң 403 жаран. Алардын ичинен эркектер – 1 миллион 693 миң 035, аялдар – 1 миллион 851 368.
Жарандарын өздөрүн тизмеден текшерүү үчүн:
Эгер кандайдыр бир ката же так эместик кеткен болсо же шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо, жарандар 2020-жылдын 29-декабрынын кечине чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өзгөртүү киргизүү же шайлоочулардын тизмесине киргизүү (мурдагы № 1 формасы), паспорттун (ID – картты) көчүрмөсүн көрсөтүү менен, кабыл алынган үлгүдөгү арызды жазып кайрыла алышат", - деп жазылат маалыматта.