Айыл-чарба министри: "Малды жана башка продукцияны сыртка чыгарууга тыюу салгандан баштап эффекти көрүүгө болот"

Өлкөдө эттин кымбатташы малды экспорттоого тыюу салуудан гана эмес, башка узак мөөнөттүү максаттар менен да байланыштуу. Бул тууралуу Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эттин кымбатташы башка товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташына түрткү болду.

"Расмий маалыматтар боюнча, 10 айда 8 миң бодо мал экспорттолгон. Азыр сындап жаткандарды түшүнөм, бирок бир-эки жылдан кийин бизге рахмат айтасыздар. Белгилүү болгондой, учурда Өзбекстанда мал чарбачылыгы жакшы субсидиялангандыктан фермелерибиз малды дүң баада сата башташты. Өлкөнүн көпчүлүк жашоочулары үчүн эки килограмм эт кымбатчылыкка айланды. Кезинде Иранда, ошондой эле Сауд Арабиясына бардык малды ушундай жол менен сатышкан", - деди министр.

Тилек Токтогазиев белгилегендей, малдын экспорту кескин көбөйүп, ички рынокто чийки зат тартыш боло баштаган.

"Биздин касапканалар жөн эле токтоп калышты, эт комбинаттары чийки затсыз калышты. Азыр этти
экспорттоого тыюу салынган жок. Бирок мен бардык фермерлерге, мал союучу жайларга жана этти кайра
иштетип жаткан ишкерлерге кошумча нарк кошуп, сырьёну гана эмес, эт продукциясын экспорттоо үчүн
кайрылгым келет", - деди Тилек Токтогазиев.

Белгилей кетсек, 18-ноябрдан тарта Кыргыз өлкөсүндө малдын экспортуна тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
satiev87
2020-12-04 14:51:12
Кыргызстандын 70 пайыз эли айылда жашайт. Айылдыктардын жарымынан кобу мал менен тирилик кылат. Эми малдарын каякка сатып акча кылат.
-4
Scorpion_09
2020-12-04 16:24:31
satiev87,эмне озубузго сатса болбойбу? Эт кымбаттап карапайым колунда жокторго жаман болуп жатат
+5
Amai
2020-12-04 15:30:52
Шаулин ишине ийгилик мен колдойм сени тура иштеп жатат.
+5
Aijamal_95
2020-12-04 20:21:52
Бирок эт арзандай элек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан