Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан эски административдик имараттарды бузуп, ордуна жаңысын салуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, долбоорду Мамлекеттик имараттар департаменти Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте ишке ашырууну пландоодо.
"Мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигин эске алып, имараттарды куруу жеке инвестицияларды тартуу жана мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүгү аркылуу пландаштырылууда", - деп жазылат маалыматта.
Авариялык абалдагы имараттардын тизмеси:
1) Раззаков көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан имарат. Курулган жылы: 1940-жыл. Жер участогунун аянты 0,135 гектар. Участоктун аймагында эки имарат бар. Негизги имарат, кабаттардын саны - 2. Жалпы аянты - 392,5 чарчы метр. Пайдубалы бетон, дубалдары бышкан кыштан курулган.
Мэриянын жана “Бишкек башкы архитектура” ишканасынын маалыматы боюнча, учурдагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн жанына кеминде 9 кабаттуу коомдук имараттардын курулушу өрткө каршы өткөөлдөр менен камсыздалбайт. Ошол себептүү аянтты эске алуу менен ал жерге 3 кабаттан ашпаган объект салуу сунушталат.
2) Гоголь көчөсү, 94 дареги боюнча жайгашкан имарат. Курулган жылы 1958-жыл. Жер участогунун аянты - 0,1392 гектар. Участоктун аймагында чарбалык курулуштар бар, 1 кабаттуу имарат. Жалпы аянты - 209,5 чарчы метр.
3) Бөкөнбаев көчөсү, 182 дареги боюнча жайгашкан имарат. Курулган жылы – 1937- жыл. Жер участогунун аянты - 0,2130 гектар. Жер тилкесинин аймагында чарбалык курулуштар бар, 2 кабаттуу имарат. Жалпы аянты - 890,4 чарчы метр.
4) Раззаков көчөсү, 43 дарегинде жайгашкан имарат. Курулган жылы - 1950-жыл. Жер участогунун аянты - 0,0618 гектар. Участоктун аймагында чарбалык курулуштар бар, 2 кабатуу имарат. Жалпы аянты - 516,3 чарчы метр.
Эгер жеке уюмдарда кандайдыр бир сунуш болсо (0312) 66-47-31 (Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору) же (0312) 66-07-39 (Мамлекеттик имараттар департаменти) номерлери аркылуу байланышка чыкса болот.