
Кыргыз өлкөсүнө Пакистан Ислам Республикасы кезектеги гуманитардык жардамын көрсөттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-декабрда Пакистан тарабынан тапшырылган жардамды саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев кабыл алды.
Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн жалпы суммасы 18 миң доллар, салмагы 1 тонна 200 килограммды түзгөн керектүү дары-дармектерди жана медициналык коргонуучу каражаттар берилди.
Кыргыз өлкөсүнүн Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев бул биринчи жана акыркы жардам эмес экенин белгиледи.