Кулагы укпай калган спорт чебери: "Түшүмдө кулагым угуп, басып жүрсөм ойгонгум келбейт"

Тагдыр адам баласына ар кандай сыноо берет. Дал ошондой оор сыноого кабылгандардын бири 26 жаштагы кол күрөш боюнча спорт чебери Эрлан Камчыбек уулу. Каарманыбыз 16 жашында үйдүн чатырынан кулап, белине доо кетип, алгач буттары баспай калганын, андан соң угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын айтат. Кийин аракет кылып баса баштаган. Бирок кулагы азыркыга чейин укпайт. SUPER.KG порталы Эрлан Камчыбек уулунун жашоосу, ден соолугу, келечек кыялдары тууралуу маек курду.

- Эрлан мырза, эмнеден улам баспай, укпай калганыңызды толугураак айтып берсеңиз?

- Мен 16 жашка чейин толук кандуу угуп, басып жүрчүмүн. Кийин чатырдан кулап, белиме катуу доо кетип баспай калдым. Көп өтпөй эле кулагымдын угуусу дагы начарлап, акыры такыр укпай калдым. Көпкө чейин ооруканага көрүнүп жүрдүм, бирок такыр жылыш болгон жок. Анын үстүнө каражат маселеси кыйнап, көпкө чейин ооруканага бара албай жүрүп калгам. Көрсө, ошондо оорум өтүшүп кеткен экен. Ата-энем мен 7 айлык кезимде эле ажырашып кетишкен. Чоң энемдин колунда жүрдүм, андан соң атамдын карамагына өттүм. Атамдын көзү өтүп кеткен, чоң энем карып калды, кыздарынын колунда. Апам менен байланышым анча жакшы эмес, ал аракеч болуп калган. Өзүмдүн жашоомду өзүм кылайын деп эле кеткем.

- Азыр эмне менен алектенесиз, жашоо-шартыңыз кандай?

- Кулагым укпай калганда адамдар менен байланышымды үзүп, стресске түшүп калгам. Акыры айласыздан өзүмдү кандай болсом, ошондой кабыл алып, жашоого умтула баштадым. Азыр тигүү цехинде иштеп батирде турам. Мен үчүн жеңилирээк жумуш ошол эле болду. Андан сырткары залга барып, машыгып турам. Кол күрөш боюнча Азия, Дүйнө чемпиондуктарына катышып 2-3-орундарды алып келгем. Ушул ийгиликтерим жашоого канат байлайт. Андан сырткары актёрлук өнөргө дагы кызыгам. Актёр Болотбек Тилектин кыска курсунан окуп, сертификат алгам. Бирок бул жаатта азырынча сунуш түшө элек.

- Ооруканаларга барып, дарыгерлерге көрүнүп турасызбы? Алар эмне дешет?

- Мамлекеттик ооруканаларга барып көрүнгөм. Бирок алар жарытарлык деле жаңылык айтышкан эмес. Ал эми жеке менчик ооруканаларга баруу үчүн менде кайдан каражат, кара курсагымды араң тойгузуп жатканда. Келе жаткан жылы кулагымдын угуусу үчүн аракет кылып көрсөмбү деп жатам. Ошол себептүү дагы сиздерге кайрылып, коомчулуктан жардам сурайын дегем. Эгер кулагым такыр укпаса, айла жок, ушул боюнча өтөбүз да. Менин деле башкалар өңдүү үй-жай күтүп, үй-бүлөлүү болгум келет.

- Кайра жаралуу мүмкүнчүлүгү берилсе эмнени өзгөртөт элеңиз?

- Ата-энемдин жанымда болушун каалайт элем. Башкалардын ата, апаларын көрүп суктанам. Мен үчүн ден соолугумдан мурда алардын бактылуу болуп, жанымда болушу маанилүү болчу (ыйлап). Азыр батирде жалгыз турам. Өзүм болгон үчүн келгим деле келбейт. Күтүп алар эч кимиң жок болгон соң жашоонун маңызы жок сыяктуу сезимдер болот кээде. Айла жок. Башка салганын көрүп жашап жатам. Кээде түшүмдө кулагым угуп, басып жүрсөм ойгонгум келбейт.
Эрлан Камчыбек уулунун бир бөлмөлүү батирине барганыбызда шарты жок жайда жашай тургандыгын көрдүк. Бөлмөнүн муздактыгынан колу, бутубуз тоңуп чыкты. Каарманыбыз толук шарты бар батирге чыгууга мүмкүнчүлүгү жоктугун айтты.
Камчыбек уулунун тагдырына кайдыгер карабаган кайрымдуу адамдар төмөндөгү номерлер аркылуу жардам берсе болот.
Байланыш телефондору: (0555) 346-594
ЭЛКАРТ: 9417 1875 7451 6962
Кулагы укпай, буту толук кандуу баспай калса да машыгууну таштабаган спортчу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан