Бүгүн Бишкек шаарынын экс-башчысы Нариман Түлеев жана мэриянын мурунку айрым кызматкерлерине карата сот иши болуп жатат. Ленин райондук сотунун отурумунда Нариман Түлеев ага коюлуп жаткан күнөөлөрдү мойнуна албасын айтты. Эскерте кетсек, шаар башчысына коррупцияга тиешеси бар деген айып коюлуп, камакка алынган.