Бүгүн, 9-декабрда депутат Өмүрбек Текебаев референдум боюнча мыйзам долбоору процедураларды бузуу менен өтүп жатканын айтты.
Депутат Үмбеталы Кыдыралиев ал билдирүү боюнча оюн төмөнкүдөй түшүндүрдү.
"Өмүрбек Текебаевди сыйлайбыз, ал эң мыкты депутаттардын бири. Бирок Өмүрбек Чиркешович биз сыйлаган сайын бизди оюна албайт. Ушундай кемчилигин байкап калдым. Өзүнүн эле оюн айта берет. Азыр Конституциянын жаңы долбоорун иштеп жатабыз. Биз дайыма келгиле деп айтабыз. Москвага биздин делегация барса кыргыздар каршы митингге чыкканын айтып жатат. Алар буйрутма менен чыгышкан, аны айтып эмне кереги бар. 2010-жылы жазылган Конституция менен жашадык, жакшы эч нерсе алып келген жок да", - деди ал.