Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңеште башкаруу форманы аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Мыйзам долбооруна "каршы" деп добуш берген депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина, Евгения Строкова.
Мыйзам долбооруна каршы пикирлерин айткан да депутаттар болду. Текебаев "Биз референдумду дайындоо боюнча мыйзамды кабыл алдык, бирок бул мыйзам өткөн жок. Мен санап турдум" деген оюн айтты.