6 адамдын өмүрүн алган Канттагы автокырсык. Айдоочу дарылануусун улантып жатканы, калган эки бейтап үйлөрүнө чыкканы маалым болду

18-ноябрь күнү Кант шаарында Хонда Степвагон унаасы менен КамАЗ сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде 3 адам, кийин дагы 3 жаран каза болгон. Калгандары "Тез жардам" кызматы аркылуу Ысык-Ата аймактык ооруканасына жеткирилген.

Бүгүнкү күнгө карата ооруканада 1994-жылы туулган С.Р. (айдоочу) дарылануусун улантууда. Калган 2 бейтап үйлөрүнө чыгарылган. Мындай маалыматты Ысык-Ата аймактык ооруканасынын директорунун орун басары билдирди.

"Айдоочу биздин ооруканада 1 апта жаткандан кийин Бишкектеги Нейрохирургия борборуна которулган. Ал эми денесинен ар кандай жаракаттарды алган эки бейтап (1999-жылы туулган Ж.А. жана 2012-жылы туулган Т.К.) үйлөрүнө чыгарылган", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-12-10 14:55:24
Каза болгон адамдардын убалы кимде!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан