Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгынан 4 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 7-декабрь күнү саат 17:30 чамасында, Ноокат- Папан унаа жолунда болгон. Анда Ноокат районунун тургуну П.К. Дэу-Ланос үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, 51 жаштагы кишини сүзүп, андан кийин Папан айылы көздөй бара жаткан Volkswagen Passat унаасы менен кагышып, жол кырсыгынын себепкери болгон.
Натыйжада Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу, жүргүнчү катары бара жаткан 3 адам жана биринчи сүзүп алган жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алып, Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген. Бул факты боюнча чогулган материалдар Ноокат РИИБине өткөрүп берилип, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.