Коомдук транспорттун айдоочулары жумуштан кетип жаткандыгына байланыштуу бир нече каттамды жеке компанияларга өткөрүп берүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 9-декабрда брифингде Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын орун басары Нурлан Атыканов билдирди.
Анын айтымында, учурда бир нече каттамдар бош турат. Бул линияларды автобустары бар жеке транспорттук компанияларга өткөрүп берүү зарыл.
"Долбоорлор иштелип чыккан, бир нече маршруттар бар. Биз бул маселе боюнча бардык сунуштарды кабыл алууга даярбыз", - деп билдирди ал.
Ошондой эле Атыкановдун айтымында, жеке компанияларга болгон негизги талаптар - көп орундуу автобустар болуп, ага электрондук билеттерди киргизүү үчүн валидаторлорду орнотууга мүмкүн болушу керек.