Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 31 жаштагы аялдын жансыз денеси үйүнөн табылды. Ал муунтулуп, андан соң бычакталган

Бишкектин Октябрь РИИБинин кызматкерлери 31 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу райондук бөлүмдөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-декабрь күнү РИИБге шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 1989-жылы туулган Н.А. дайынсыз болуп изделип жатканын, ал 7-кичи райондо жашарын жана жумушка чыкпай, телефон чалса албай жатканы жазылган.

Октябрь РИИБинин ыкчам-тергөө тобу аталган дарекке барып эшикти ачып киргенде, дайынсыз болуп жаткан аялдын жансыз денеси табылган. Алгачкы кароодо эле маркум киши колдуу каза болгону аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүүлөрдү издөө иштери башталган.

Көп өтпөй шектүү катары 1988-жылы туулган Ю.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Териштирүүдө шектүү маркумдун үйүнө келип, андан карызга 3 жарым миллион доллар акча каражатын сураган. Ортодо пикир келишпестик чыгып, маркумду муунтуп, ашкана бычагы менен моюнга сайып, андан соң из жашырып качып кеткен. Ошондой эле шектүү кармалганда жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча, 4 бычак, жана "ИИМдин өз коопсуздугу" аталышындагы күбөлүк табылган. (ИИМде мындай бөлүм жок). Учурда шектүүнүн башка кылмыш иштерге тиешеси бар же жогу текшерилип, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Muslim_KGstana.
2020-12-09 16:40:27
3 жарым миллион доллар??????


Ошончо акчасы бар адам анан айылда жалгыз жашайт бекен э?
+8
bond02
2020-12-09 17:13:32
Бул бала бычак коллекциялайт окшойт.
0
mariolan
2020-12-09 17:15:13
МВД деген күбөлүк эмне
0
Baatirbek81
2020-12-09 17:19:35
3.5 миллион долар сураса карызга оорукчан немего
+8
Kattaldym
2020-12-09 17:40:36
3500 доллар карыз экен маркум аял. Ошону доолап келиптир өлтүргөн адам.
+2
dark_marks
2020-12-10 17:31:32
тактап айтканда, пневмотикалык пистолеттин баллончиктери
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан