9-декабрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Такебай-2" кинокомедиясы жабык эшик артында көрсөтүлдү.
Иш-чарага маданият, шоу-бизнес өкүлдөрү жана шаар тургундары келишти. Пандемия шарттары эске алынып, тасманын ачылышына эл бет кап тагынып келишти.
"Такебай-2" кинокомедиясы депутат менен карапайым эки үй-бүлөнүн жашоосун чагылдырат. Аталган тасмада белгилүү актёрлор Аскат Сулайманов, Эржан Осмонов жана актрисалар Альбина Имашова, Калипа Усенова башкы ролдорду жаратышкан.
Актриса Альбина Имашова фильм тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
"Такебай-2" кино тасмасы бүгүн, 10-декабрдан тартып өлкөдөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлүп баштайт.
Эске салсак, өткөн жылы "Такебай-1" тасмасы калың элге тартууланып, көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алган тасмалардын катарын толуктаган.